08:00, 25 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры көрүүчүлөрдү апрель айында боло турган спектаклдерге чакырат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Апрель айынын репертуары классикалык чыгармалар, балдар үчүн жомоктор жана чет элдик театрлардын гастролдору менен коштолот.
Казакстандык театрдын гастролу:
3—4-апрель күндөрү Өскемен шаарындагы Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры өзүнүн мыкты спектаклдерин тартуулайт.
Спектаклдердин графиги:
3-апрель: «Три поросёнка» (саат 11:00) жана «Тартюф или Обманщик» (саат 19:00);
4-апрель: «Три поросёнка» (саат 11:00) жана «Женитьба» (саат 19:00);
5-апрель: «Мечта» (саат 11:00), «Овраг» (саат 15:00) жана «Баба Шанель» (саат 19:00);
8-апрель: «Три сестры» (саат 15:00);
9-апрель: «Король. Дама. Валет» (саат 19:00);
10-апрель: «Утиная охота» (саат 19:00);
11-апрель: «ВИЙ» (саат 19:00);
12-апрель: «Сказка о царе Салтане» (саат 11:00) жана «Мамуля» (саат 19:00);
16-апрель: «Не может быть!» (саат 19:00);
17-апрель: Эл артисти А. Адалинин юбилейлик кечеси (саат 19:00);
19-апрель: «Летучий корабль» (саат 11:00) жана «Пиковая дама» (саат 19:00);
30-апрель: «Шестое чувство» (саат 19:00).
Билеттер театрдын кассасында, Ticket.kg сайтында жана Mbank тиркемесиндеги Mticket бөлүмүндө сатылат.