07:45, 25 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Египеттик футболчу Мохамед Салах учурдагы сезондун аягында англиялык «Ливерпуль» клубунан кетет. Бул тууралуу атактуу футболчу социалдык баракчасына кайрылуу жарыялады.
«Бул клубда мени менен бирге болгондордун баарына, айрыкча азыркы жана мурунку командалаштарыма ыраазычылык билдиргим келет. Күйөрмандар эң мыкты мезгилинде мага укмуштуудай колдоо көрсөтүштү жана мен муну эч качан унутпайм. Кетүү эч качан оңой эмес. Сен мага өмүрүмдүн эң жакшы учурларын тартууладың жана бул клуб ар дайым менин үйүм болот», — деди чабуулчу.
Эске салсак, 33 жаштагы Салах 2017-жылдан бери «Ливерпулда» ойноп келет. Бул сезондо ал Премьер-Лиганын 22 беттешинде беш гол киргизип, алты голдук пас берген. Өткөн сезондо чабуулчу Премьер-Лиганын эң мыкты бомбардири жана голдук пас берүүчүсү болгон. Апрель айында тараптар анын келишимин эки жылга узарткан.
«Ливерпуль» командасына келгенге чейин Салах италиялык «Фиорентина» жана «Рома» клубдарында, англиялык «Челси» жана швейцариялык «Базель» клубдарында ойногон. Ошондой эле, Египет курама командасы менен эки жолу Африка Улуттар Кубогунда күмүш медалды жеңип алган.