Ош шаарындагы мурдагы көрүстөндүн орду жашыл аймакка айландырылат

15:29, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында жайгашкан мурдагы Хохлова көрүстөнү аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалдык басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара аймакты жакшыртууга жана шаардын ичинде жаңы жашыл тилке түзүүгө багытталган. Анын алкагында декоративдүү жана көлөкө берүүчү бак-дарактардын алты түрүнөн 1300гө жакын көчөт отургузулду.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Мурдагы көрүстөндүн орду жашыл аймакка айландырылат
Бул иштер аймактын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана шаардагы жашыл тилкелердин санын көбөйтүү максатында жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага мэр Жанарбек Акаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка өкүлдөр катышты.

Калаа башчысы Ош шаарында жашыл аймактар жетишсиз экенин белгилеп, мындан ары шаарды жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Ал эми министр өлкө башчысынын демилгеси менен ишке ашып жаткан «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 2026-жылы Кыргызстан боюнча 9 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын айтып, Ош шаарындагы мындай демилгелерди колдой турганын белгиледи.