12:32, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте жерди пайдалануу эрежелерин бузуу менен жайгашкан объектилерди демонтаждоо уланууда. Мэриядагы комиссиянын чечими менен Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объектилер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды.
Муниципалитеттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул иш жерди пайдаланууну көзөмөлдөө департаментинин жеңил чекене соода күркөрүн демонтаждоо боюнча иш-аракеттеринин алкагында жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган аймакта Биринчи май райондук администрациясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.