Бишкекте жарандарды Орусияга мыйзамсыз ишке жиберүү каналына бөгөт коюлду

12:18, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандыктарды Орусияга мыйзамсыз жумушка орноштуруу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз ишке бөгөт коюшту. Бул иштер Бишкек шаарындагы Кадырбай-Ата көчөсү-1 дарегинде жүрүп жаткандыгы кабарланган.

Фото Эмгек министрлиги. Орусияга мыйзамсыз ишке жиберүү каналына бөгөт коюлду
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча агенттиктин кызматкерлерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 95-беренесине ылайык (Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк) административдик протокол түзүлдү.

Министрлик чет өлкөдө иш сунуштаган агенттиктердин уруксат документтеринин бар экендигин текшерүүгө чакырып, агенттиктин мыйзамдуу иш жүргүзүп жатканын https://migrant.kg сайтынан текшерсе боло тургандыгын кошумчалады.