11:37, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Өлкө аймагына 12 миллион сомдон ашык суммадагы биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы рейд учурунда жүк ташуучу унаадан «ENYIDA» аталышындагы 4400 таңгак биологиялык активдүү кошулмалар табылды. Алдын ала эсептөө боюнча продукциянын жалпы суммасы 12 миллион сомдон ашат.
Тиешелүү актыларды түзүп, продукция убактылуу тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.