Акыйкатчы институту карылар үйүндө бир катар кемчиликтерди аныктады

11:12, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчы институтунун алдындагы Кыйноолордун алдын алуу борбору Чүй облусундагы Төмөнкү Серафимовка карылар үйүнө мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мекемеде жашаган 15 кары адамдын паспорту жок экени белгилүү болду. Алардын айрымдары архивдик маалыматтардын жоктугунан улам пенсияга чыга албай жатышат.

Ошондой эле айрымдар медициналык кызматтын сапатына нааразычылыгын билдиришсе, мекеме жетекчилиги дарылоо иштери туруктуу жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Мындан тышкары, айлык акынын аздыгынан карылар үйүндө эркек санитарлардын жетишсиздиги айтылды. Учурда жалаң аял кызматкерлер оор абалдагы бейтаптарга кам көрүүгө аргасыз болууда.

Белгиленгендей, аталган карылар үйүндө жалпы 276 адам жашайт, анын 150сү майыптыгы бар жарандар болсо, 126сы улгайган адамдар.

Буга байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды социалдык мекемелерде жашаган карылардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыздоого чакырды.