Чүй облусунда куралдуу каракчылыкка бөгөт коюлду: үч шектүү кармалды

10:52, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда куралдуу каракчылык жасоону пландаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2026-жылдын 18-февралында түн ичинде Кемин районунун айланма жолунан белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп, акчасын тартып алууга аракет кылышканын билдирген.

Тергөө иштеринин алкагында 25–29 жаштагы үч жаран (Д.А., Ж.А. жана Д.К.) кылмышты алдын ала пландашканы аныкталган. Алар «алтын зер буюмдарын сатабыз» деген шылтоо менен жабырлануучуну жолугушууга чакырышкан. Кылмышкерлер Lexus үлгүсүндөгү унаа менен келип, Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен куралданып алышкан.

Шектүүлөр кылмыштуу ниетин аягына чыгара алган эмес, анткени окуя болгон жерден милиция кызматкерлери тарабынан кармалышты.

КЖКнын 36 жана 207-беренелери (Каракчылыкка даярдык көрүү) боюнча иш козголуп, соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынды.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.