Театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго эл артисти наамы ыйгарылды

10:10, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров театр жана кино актеру Абдыкалык Акматовго «Кыргыстан Республикасынын Эл артисти» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документте белгиленгендей, сыйлык өлкөнүн маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн ыйгарылды.

Фото
Абдыкалык Акматов — театр жана кино тармагында 50 жылдан ашык кызмат өтөгөн, белгилүү кыргыз актёру. Ал сахнада жана кинодо ондогон ролдорду ойноп, көрүүчүлөрдүн жана кесипкөй коомчулуктун алкоосуна ээ болгон.