Кыргызстандын футбол боюнча курамалары жолдоштук беттештерди өткөрөт
07:45, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg
24-марттан 31-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Улуттук курамалары окуу-машыгуу жыйынынын алкагында бир катар контролдук жолдоштук беттештерди өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Беттештерге төмөнкү курамалар катышат:
Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы
Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы
Фото
Окуу-машыгуу жыйындары жана жолдоштук оюндар командалардын, алдыдагы эл аралык мелдештерге жана расмий беттештерге даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат.