24-мартка карата аба ырайы

17:33, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 24-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу чөлкөмдөрдө кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5... +10, күндүз +13... +18;

Талас жергесинде түнкүсүн +2... +7, күндүз +15... +20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +18... +23;

Нарын аймагында түнкүсүн −3... +2, күндүз +5 .. +10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1... +4, күндүз +8... +13;

Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +7... +9, күндүз +15... +17 градус жылуу болот.