15:42, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 23-март күнү Ош облустук төрөт үйүндө төрт эм төрөгөн эне ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, эне-балдардан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын мэринин орун басары Максуда Айдарбекова үй-бүлөнү куттуктап белектер берди, анын ичинде 100 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
Эскерте кетсек, үч кыз жана бир эркек бала 12-мартта төрөлүп, салмагы 1 миң 500 граммдан 1 миң 830 граммга чейин болгон. Дарыгерлер учурда эне менен ымыркайлардын абалын жакшы деп баалап, аларды үйлөрүнө чыгарууга уруксат беришти.