УКМКнын Маалыматтык коопсуздук борборунун жаңы имараты ачылды

15:19, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 23-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Маалыматтык коопсуздук борборунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага катышкан УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бул борборду түзүү — заманбап глобалдык чакырыктарга жооп экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт.

Борбордун негизги милдеттери:

  • мамлекеттик сектор үчүн менчик программалык жана аппараттык чечимдерди түзүү, аларды сертификациялоо;
  • санариптик чөйрөдө киберкокустуктарга ыкчам жооп кайтаруу жана маалыматтарды коргоо үчүн алдыңкы технологиялык инструменттерди иштеп чыгуу.
  • коопсуздук тармагында жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоо, экспертиза жүргүзүү жана мекемелердин аракеттерин координациялоо.

Жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен толук камсыздалган. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга натыйжалуу каршы турууга жана республиканын маанилүү санариптик кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Бул борбордун ачылышы — мамлекеттин жарандар, бизнес жана бийлик институттары үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү түзүүдөгү артыкчылыктуу кадамы болуп саналат.