Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды

13:20, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Нарын облусундагы Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мекемеси билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим жолдун абалын жеринде текшерүү үчүн райондук администрация өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистерден турган атайын комиссия түзүлүп, кароо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынды.

Кароо учурунда № 41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды
Айта кетсек, 8-мартта Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Мындан улам жол убактылуу жабылган болчу.

Мекеме жарандардан жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону жана аба ырайынын шарттарын эске алууну эскертти