Ошто Ак-Буура дарыясын кеңири тазалоо иштери уланууда

12:42, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында Ак-Буура дарыясын кеңири масштабда тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бүгүн, 23-мартта түштүк борборго болгон жумушчу сапарынын алкагында иштин жүрүшү менен таанышты. Министрлик тазалоо иштерине бардык зарыл ресурстарды жана атайын техникаларды бөлүп берди.

ӨКМнын басма сөз кызматы
ӨКМнын басма сөз кызматы. Ошто Ак-Буура дарыясын кеңири тазалоо иштери уланууда

Натыйжада Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилүүдө.

Министр кызматкерлерге ишти ыкчам, сапаттуу жүргүзүүнү жана өз үйлөрүндөй мамиле жасап, жоопкерчилик менен иштөөнү тапшырды.