10:17, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 24-августундагы «Кыргыстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» документке өзгөртүү киргизүү боюнча № 348 Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Коопсуздук кеңешине жаңы кызмат кошулду: мамлекеттик чек араны коргоого жооптуу мамлекеттик органдын башчысы кеңештин курамына киргизилди.
Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.
Эскерте кетсек, февраль айында Президент Чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен бөлүп, аны көз карандысыз мамлекеттик органга — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына айландыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.