10:05, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын бардык аймактарында 20-марттан тарта айыл чарбасын каттоо жүрүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, каттоо электрондук форматта өтүүдө жана алдыдагы кампаниянын негизги өзгөчөлүгү кагаз жүзүндөгү маалыматтардан толук баш тартуу болуп саналат.
Республика боюнча каттоо ишин жүргүзүүгө жалпысынан 6 миң 791 убактылуу кызматкер тартылган.
Каттоонун алкагында төмөнкү багыттар боюнча маалыматтар топтолот:
Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу өлкөдө 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул иш-чара сектордун реалдуу абалы жана түзүмү жөнүндө так маалымат алууга багытталган маанилүү улуттук статистикалык долбоор болуп саналат.
Аталган өнөктүк үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин улантылат.