08:30, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg
23-24-мартта Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган.
Мындан тышкары эл аралык жана аймактык күн тартиби, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө.