Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө толугу менен ачылды

08:00, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө толугу менен ачылды
Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды.

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген.

Белгилей кетсек, буга чейин көпүрөнүн түндүк тарабы ачылган болчу.