00:19, 23 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бул жумада Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, эгер абанын орточо суткалык температурасы +8 градустан жогору болуп, кеминде беш күн катары менен сакталса, адатта шаар бийлиги жылытуу мезгилин аяктоо тууралуу чечим кабыл алат.
Аба ырайынын божомолу боюнча, борбор калаада жакынкы жети күн ичинде туруктуу жылуу аба ырайы күтүлүүдө. Күндүз абанын температурасы орто эсеп менен +15...+20 градуска чейин жогорулайт. Түнкүсүн да аба температурасы нөлдөн жогору болот.