Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлыгы 100 пайызга көтөрүлөт

18:25, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди өлкө башчысы Садыр Жапаров буга чейин эле жарыялап, дарыгерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеген.

Фото Президенттин басма сөз кызматы
Учурда бул багытта иштер жүргүзүлүп, медициналык мекемелердеги кадр тартыштыгын жоюу жана жүктөмдү азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында жеңилдетилген шарттагы ипотекалык турак жай берүүдө медицина кызматкерлерине артыкчылык берилет.

Медициналык окуу жайды бүтүрүп, ишке жаңы келген жаш дарыгерлер бүгүнкү күндө 13 миң 581 сом алса, апрель айынан баштап колуна 35 миң 248 сом алышат. Ал эми тажрыйбалуу адистердин маянасы стажына жараша дагы жогору болот.

Эмгек тажрыйбасы мол дарыгерлердин апрелден кийинки эмгек маянасы ошого жараша көп болот. Башкача айтканда, «стаж үчүн» деген сыяктуу кошумча төлөмдөр жоюлбайт.

Мындан тышкары, алыскы тоолуу райондорго иштөөгө даяр дарыгерлердин айлыгы кошумча орточо эсеп менен дагы 30%га көбөйөт. Ошондой эле «Дарыгердин депозити» программасы боюнча мамлекет бүгүнкү күндө дарыгерлерге кварталына 66 миң сомдон төлөп берет.

Жаш дарыгерлер талап кылынган адистиктер боюнча (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирургия боюнча дарыгер) иштегени келсе, аларга ай сайын 20 миң сомдон кошумча төлөнүп берилет.

Ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлык акысы 8 миң 541 сомдон 29 миң 053 сомго чейин, же үч эсеге көтөрүлөт. Бул — бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр менен үстөктөрдү эсепке албаганда.

Учурда өлкө боюнча медициналык мекемелерде медициналык билими бар ар кыл багыттагы дарыгерлер талап кылынууда.

Алардын жалпы саны — 1596.

Төмөндө сүрөттө кайсыл аймакта канча дарыгер талап кылынары көрсөтүлгөн.

Фото
Эгер сиз медициналык окуу жайды жакында эле бүтүп, азыр иш издеп жүрсөңүз, же буга чейин медицианлык мекемеде иштеп жүрүп кайсыл бир себептер менен иштен кетип, азыр кайрадан медицина тармагында ишиңизди улантууну кааласаңыз, анда өзүңүз жашаган жактагы ооруканага кайрылыңыздар.

Ал жактан бош орундар боюнча кенен маалымат алып, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.