Баткенде үч көмөк чордону толугу менен оңдоодон өттү

16:05, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg

2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Баткенде 3 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 35/10 кВ «Кара-Токой-2», 35/10 кВ «Ак-Турпак» жана 35/6 кВ «Ширеч» көмөк чордондорунда кеңири көлөмдөгү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Энергетика министрлиги. Баткенде үч көмөк чордону оңдоодон өттү
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө трансформаторлор толук техникалык кароодон өткөрүлүп, эскирген жабдуулар жаңыланды. Ошондой эле электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында коргоо жана автоматика системалары текшерилип, тиешелүү оңдоо иштери аткарылды.

Мындан сырткары, көмөк чордондордун аймагында санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, коопсуздук талаптарына ылайык тартипке келтирилди. Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык техникалык талаптар сакталды.