Ош шаарында 75 мечитте Орозо айт намазы окулду

13:10, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында жалпы 75 мечитте Орозо айт намазы окулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов "Алай«атындагы Аль-Бухари мечитинде Айт намазына катышып, жалпы эл-журтту Орозо айт майрамы менен куттукташты.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Ошто 75 мечитте Орозо айт намазы окулду
Шаар башчысы өз сөзүндө бул улуу майрам кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, айкөлдүк жана берешендик сыяктуу асыл сапаттарды даңазалап, адамдарды боорукерликке, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка үндөй турганын белгиледи. Ошондой эле Орозо айт ар бир үй-бүлөгө кубаныч, жакшылык алып келип, шаарыбызда жана мамлекетибизде тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүү улана беришин каалады.

Аны менен катар эле Ал-Бухари — «Алай» мечитинин ордуна заманбап талаптарга ылайык жаңы мечиттин курулушуна старт берүү үчүн мал союлуп, бата берилди.