Ош шаарында жылуулук берүү 23-мартта токтотулат

12:36, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 23-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Жанарбек Акаев кол койду.

Белгилесек, жылуулук абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда өчүрүлөт.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы азырынча жылуулукту өчүрүүнүн датасын белгилей элек.