10:55, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Видео кайрылуу социалдык тармактарда жарыяланды.
Камчыбек Ташиев кайрылуусунда ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап, биримдикке жана өз ара түшүнүшүүгө чакырды. Ал ыйык күндөрдө кечиримдүүлүктүн жана тазаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулмандын атынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар түрдүү жалган жалааны, ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана ошолорду тараткан адамдарды дагы Айт намаздын ыраазычылыгы үчүн кечирдим», — деди Ташиев.
Видео социалдык тармактарда активдүү таралып, колдонуучулар арасында талкуу жаратууда.