10:17, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн дүйнө жүзүндөгү мусулмандар ыйык Рамазан айынын аякташын белгилеген эң маанилүү майрамдардын бири — Орозо айт майрамын белгилеп жатат. Эртең мененден баштап адамдар ар тараптан Эски аянтка агылып келди. Саат 07:00дөн баштап Куран окулуп, диний баяндар айтылды.
Андан соң айт намазы окулуп, муфтий Абдулазиз Закиров майрамдык дуба кылды.
Орозо айт намазына президент Садыр Жапаров да катышты.
Аянттын айланасында милиция кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер болду. Коомдук тартип күчөтүлгөн кыраакылык менен сакталып, иш-чара тынч маанайда өттү.