08:00, 20 марта 2026, Бишкек - 24.kg
20—21-март күндөрү Кыргыз улуттук «Манас» театрында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт.
Иш-чаранын алкагында улуттук оюндар көрсөтүлүп, манасчылар Манас айтып, акындардын айтышы жана дастанчылардын дастандары жаңырып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланат.
Ошондой эле майрам учурунда сүмөлөк жасалып, улуттук даамдар сунушталат.
Эртең, 21-март күнү саат 12:00дө театр сахнасында «Тайтору» спектакли коюлат.
Кирүү акысыз