17:05, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат. Ошондой эле башка номинация ээлери акчалай сыйлыктар, статуэтка жана атайын дипломдор берилет.
Уюштуруучу — Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд.