16:37, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жыйында Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын алкагында Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.