14:09, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары эмки жумада аймактарда иштешет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрү 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышат. Мындай чечим бүгүн, 19-марттагы жыйында каралып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.