13:48, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg
2025-жылы Акыйкатчы институтуна сот өндүрүшүндө укуктарын коргоо өтүнүчү менен жарандардан 816 арыз-даттануу түшкөн. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыздардын басымдуу бөлүгүндө жарандар сот чечимине макул эместигин билдиришкен.
Кайрылуулардын негизги багыттары:
Жыл ичинде Акыйкатчы институту тарабынан жалпысынан 572 сот процессине мониторинг жүргүзүлгөн.
Анын ичинен:
Талдоо көрсөткөндөй, мониторинг жүргүзүлгөн ар бир экинчи соттук отурум белгиленген убакыттан кеч башталган. Ал эми 270 сот отурумунун ичинен 112си (41,5%) башка күнгө жылдырылган.
Бул сот органдарынын уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди көрсөтүп, сот өндүрүшүнүн создуктурулушуна жана жарандардын сот адилеттигине жетүү укугун чектөөгө алып келет. Процесстердин үзгүлтүккө учуроосуна судьялардын бошобой жаткандыгы, катышуучулардын келбей калышы жана сот залдарынын жетишсиздиги себеп болгон.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган кемчиликтерди жоюу боюнча Жогорку сотко сунуштарды жөнөттү. Анда соттук отурумдардын графигин сактоо, иштерди создуктурбоо жана бардык сот залдарын аудио-видео жазуу каражаттары менен толук жабдуу зарылдыгы белгиленди.