Кыргызстандагы 773 айылга таза суу менен камсыздоо системасы орнотулат

13:38, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан өлкө боюнча 773 айылда таза суу долбоорлорун ишке ашыруу каралууда.

Бекитилген жумуш планына ылайык, учурдагы учурда ишке ашыруу этаптары боюнча объектилердин бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:

  • Курулуш-монтаждоо жумуштары баскычы: 120 айылда курулуш монтаждоо жумуштары жүрүүдө;
  • Долбоорлоо: 229 айыл боюнча долбоор-сметалык документация даярдалууда.
  • Сатып алуулар: 27 айыл боюнча курулуш жумуштарына тендер өткөрүлүүдө.
  • Долбоорлоого даярдык: 219 айыл ДСД даярдоого документтер топтолууда, анын ичинен 95 айылга иш-кагаздар толугу менен топтолду.
  • Техникалык-экономикалык негиздеме: 177 айылда ТЭН даярдалууда.