13:26, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg
«Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда рейддик иш-чараларды жүргүзүү учурунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунда текшерүү учурунда унаанын сактоочу жайынан акциздик маркалары же коштоочу документтери жок 9 миң 500 куту Oris тамекиси табылган.
Бул факты боюнча материалдар жана алынган жүк укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.