ИИМ: Майрамда ар кандай провокациялар, мыйзам бузууларга убагында бөгөт коюлат

11:19, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Майрам мезгилинде Кыргызстандагы коомдук тартип күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн форматта өткөн жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана майрамдык иш-чаралар өтүүчү аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кайгуул кызматтарынын саны көбөйтүлөт. Жалпысынан коомдук тартипти сактоого 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

Фото ИИМдин басма сөз кызматы. Майрамда ар кандай провокациялар жана мыйзам бузууларга убагында бөгөт коюлат

«Майрам күндөрү жол коопсуздугуна көңүл буруп, чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу жана ар кандай коркунучтарга ыкчам чара көрүү керек. Кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай аракеттер, жалган маалыматтарды таратуу жана чагымчылдыктар өз убагында аныкталып, аларга катуу бөгөт коюлат», — деди министр Улан Ниязбеков.

Кеңешменин жыйынтыгында жарандарды адаштырууга алып келиши мүмкүн болгон же коомдук тынчтыкты бузган чагымчыл аракеттерди, жалган маалыматтарды таратууну жана башка терс факторлорду аныктоо, аларга бөгөт коюу боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.