Ош шаарында Орозо айт намазы мечиттерде окулат

11:15, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 20-мартта Ош шаарында Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Айт намазын өткөрүүнүн тартиби:

  • 07:30-08:00 — Куран окуу;
  • 08:00-08:25 — Диний баяндар;
  • 08:25-08:30 — Айт намазын окуу тартибин, эрежелерин түшүндүрүү;
  • 08:30-08:50 — Айт намазын окуу.

Бийлик тургундарды айт намазы учурунда эрежелерди жана көрсөтмөлөрдү сактоого чакырууда.