Таласта ветеринардык башкармалыктын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

10:16, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Талас прокуратурасы 0,34 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон аянты 0,34 га жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткендиги такталган.

Фото Башкы прокуратура. Таласта 16,9 млн сомдук ветеринардык башкармалыктын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Прокурордук текшерүүдөн кийин, базар баасы 16 ммиллион 948 миң 600 сом болгон мүлк мамлекетке кайтарылды.

Кыргызстанда мыйзамсыз өткөрүлүп берилген активдерди кайра менчиктештирүү боюнча кеңири масштабдуу өнөктүк уланууда. Прокуратура социалдык мекемелерге таандык жерлерди кылдат көзөмөлдөп турат. 2025-жылы эле жүздөгөн гектар жер миллиарддаган сомдон ашык суммада мамлекетке кайтарылган.