Бишкекте Орозо айт намазы эски аянтта окулат

09:20, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 20-мартта Бишкек шаарында Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Орозо айт намазынын программасы:

  • 07:00 — 07:30 — Куран окуу;
  • 07:30 — 07:40 — модератор Шүкүр ажы Исмаилов;
  • 07:40 — 08:10 — диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев;
  • 08:10 — 08:30 — азирети муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
  • 08:20 — 08:30 — Сапан-сап айтуу;
  • 08:30 — 08:50 — айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда орозо айт намазы мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:

  • 07:30 — 08:00 — Куран окуу;
  • 08:00 — 08:25 — диний баяндар;
  • 08:25 — 08:30 — айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 — айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.