08:00, 19 марта 2026, Бишкек - 24.kg
19 жана 20-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында «Өрдөккө аңчылык» спектаклинин премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Пьесанын автору — А. Вампилов.
Режиссер-коюучу — Кристина Фойкина.
«Өрдөккө аңчылык» — бир жолу мүдүрүлгөн адам тууралуу мистикалык драма.
Ал ошол атылган ок менен кошо жашап келет.
Бул — Виктор Зиловдун тарыхы. Сууга эмес, өзүнүн ички боштугуна чөгүп бара жаткан адамдын тагдыры. Бет каптар жашырган дүйнөдө, жаан бөлмөнүн ичине чейин жааган жерде, өткөн чак кетпейт — ал байкап турат.
Бул спектакль — үй-бүлөнүн морттугу, тирүү болуудан коркуу жана бир гана ката түбөлүккө айланып кетиши мүмкүн экендигин чагылдырат.
Жашоо — аңчылык сыяктуу: бир жолу жаңылсаң, түбөлүктү кайра карап чыгууга туура келет.
Жанры — мистикалык драма.
Узактыгы: 1 саат 40 мүнөт. Антрактсыз.
Коюучу топ:
Режиссер-коюучу — Кристина Фойкина;
Коюучу-сүрөтчү — Кристина Фойкина;
Экинчи сүрөтчү — Аркадий Седракян;
Костюмдар боюнча сүрөтчү — Ангелина Гайер;
Пластика боюнча режиссер — Максим Лисовский;
Жарык боюнча сүрөтчү — Владимир Карчин;
Видеограф — Анастасия Кобякова;
Атайын эффекттер боюнча сүрөтчү — Анна Степанова;
Видео проекция оператору — Антон Селов;
Режиссердун жардамчысы — Эвелина Пурикова.