21:41, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 19-мартта Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Синоптиктер кабарлагандай, өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0... +5, күндүз +11... +16;
Талас жергесинде түнкүсүн −2... +3, күндүз +10... +15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +12... +17;
Нарын аймагында түнкүсүн −4... −9, күндүз +2 .. +7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... −5, күндүз +7... +12;
Бишкек шаарында түнкүсүн +1... +3, күндүз +14... +16 градус жылуу болот.