21:07, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Нооруз майрамында Нарын шаарында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтө турган салтанатка байланыштуу Ленин көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин жабылат.
Белгиленгендей, учурда атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул күнү сырттан келген меймандар унааларын калаанын кире бериш жерлерине, эски РТС мекемесинин короосуна, Москва чөлкөмүндөгү терминалга, Городок аймагындагы эт жана сүт комбинатына жана Жаңы-Жол аймагындагы суу чарба мекемесинин короосуна токтото алышат. Ал жерден борбордук аянтка чейин атайын каттамдар уюштурулат.
Ал эми жергиликтүү тургундар унааларын атайын уюштурулган төмөнкү даректерге токтотсо болот:
Иш-чара 21-март күнү саат 11:00дө башталып, 21:30га чейин уланат.