Кайрат Маматов БШКнын мүчөсү кызматынан бошотулду

17:43, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Кайрат Маматовду Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлүгүнөн бошотту.

Бул чечим 18-мартта парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Венера Салямова Маматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Кайрат Маматовду БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.