16:46, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg
XIII эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагына чыгармаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.
Анда белгиленгендей, кезектеги сынак Евразия жазуучулар союзунун 20 жылдыгына арналат. Конкурска буга чейин эч жерде жарыяланбаган жана башка сынактарга катышпаган чыгармалар кабыл алынат. Тематикалык жактан чектөөлөр жок. Аңгеме 1000 сөздөн кем эмес жана 10 000 сөздөн ашпашы керек.
Аңгемелерди тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт.
Жеңүүчүлөрдү жарыялоо 20-ноябрга, ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 8-декабрга белгиленген.
Сыйлык акылардын өлчөмү:
Сынак Евразия жазуучулар союзу тарабынан уюштурулууда. Сыйлыктарды тапшыруу аземи кырдаалга жараша аралыктан (онлайн) өтүшү мүмкүн.
Эске салсак, буга чейин акын Эльмира Ажыканова жана жазуучу Айдарбек Сарманбетов эл аралык адабий сынакта байгелүү орундарына татыктуу болушкан.