Бүгүндөн тарта № 195 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү

16:40, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте бүгүн, 18-марттан тартып № 195 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт.

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. № 195 автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү

Муниципалитет элден бул өзгөрүүлөрдү эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууну, ошондой эле мүмкүн болгон учурда коомдук транспортту колдонууну суранат.