Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тентишев «Эл үмүтү — Ата журт» тобуна кошулду

16:15, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Тентишев «Эл үмүтү — Ата журт» депутаттык тобуна мүчө болду. Бул тууралуу парламенттин 18-марттагы жыйынында аталган топтун лидери Дастан Жумабеков билдирди.

Ал буга чейин «Адилет Кыргызстан» тобуна кошулган болчу.