Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант беришти
16:04, 18 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңеште 4 жаңы депутат ант берди.
Ант берген эл өкүлдөрү:
- № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Улугбек Ормонов,
- № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Мавлюда Калбердиева,
- № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Бактыбек Чойбеков,
- № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Алтынкүл Мурзакимова.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн аларды Жогорку Кеӊештин депутаттары катары каттап, белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилерди берген.