ӨКМ: Тоолуу жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар
15:05, 17 марта 2026, Бишкек - 24.kg
18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Буга байланыштуу Кыргызгидромет кызматы төмөнкү жолдордо жүрүүдө сак болууну эскертти:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусуда.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.