Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

13:41, 17 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-мартта Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө Садовое айылындагы үйдүн короосунан зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя катталып, окуя болгон жерге дароо тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Текшерүү учурунда үйдө 1988-жылы туулган С.С. аттуу жаран жашаганы аныкталган. Үйдүн короосунан зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар 1993-жылы туулган П.О. аттуу жарандын сөөгү табылган.

Фото Чүй облустук ички иштер башкармалыгы. Москва районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

Маркумдун сөөгү өлүкканага жөнөтүлүп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Маркумдун сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.