Быйыл дыйкандарга 3,7 миллиард сомдук 1089 даана техника берилди

13:17, 17 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айыл чарба техникаларын жаңылоо жана дыйкандарды колдоо багытында иштер улантылууда.

2011-жылдан тартып Министрлер Кабинетинин колдоосунда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу жети лизинг долбоору ишке ашырылган. Анын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта берилет.

Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% үстөк менен лизингге сунушталууда.

Жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 миң 378 даана техника берилди. Анын ичинде 2026-жылы 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника дыйкандарга жеткирилди.

Бул иштер айыл чарба тармагын механизациялоону жакшыртып, өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.