10:48, 17 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында 16-мартта саат 21:10 чамасында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2001-жылы туулган айдоочу Шабдан баатыр көчөсүндө батышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги бордюрду сүзүп, андан соң бак-дарактарга урунуп аласалып кеткен.
Унаадагы 23 жаштагы жүргүнчү оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын акыреги, далысы, бел омурткасы сынган жана бетинен, кулагынан жаракат алган. Унаа айып короого киргизилип, бардык тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалды.