10:12, 17 марта 2026, Бишкек - 24.kg
21-мартында борбордук Ала-Тоо аянтында жазгы күн-түн теңелишине арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өтөт. Саат 11:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын тургундарын жана конокторун салт-санааларга, маданиятка жана жазгы маанайга толгон бай, жаркын жана чыныгы майрамдык программа күтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн бою аянт чыныгы маданий жана элдик салттардын борборуна айланат. Бул жерде «Ордо» аттуу этномаданий боз үйлөр тигилип, анда Кыргыз Республикасынын ар кайсы этносторунун өкүлдөрү конокторду өздөрүнүн улуттук каада-салттары, жашоо-турмушу жана элдик меймандостугу менен тааныштырышат.
Ошондой эле улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлө турган атайын аянтча уюштурулуп, каалоочулардын баары мелдештерге катыша алышат.
Майрамдын алкагында колдонмо жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү да уюштурулат. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген усталар кол менен жасалган уникалдуу буюмдарын — улуттук зер буюмдарды, кийизден жасалган буюмдарды, килемдерди, сувенирлерди жана салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын сунушташат.
Мындан тышкары , иш-чаралар калаанын төрт районунда уюштурулууда.
Свердлов району боюнча
Карагач токоюнда саат 12:00дөн 16:00гө чейин майрамдык иш-чарлар өтөт. Бул жерде улуттук боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин салттары жана турмушу көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамааттар менен диаспоралардын катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, спорттук мелдештер, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь району боюнча
«Ынтымак-2» паркында иш-чаралар уюштурулат. Бул жерде Шайыр Балалык балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда концерт өтөт. Ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар — шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, дартс, эстафета, футбол жана волейбол уюштурулат. Мындан тышкары, чыгармачылык мастер-класстар, көргөзмөлөр жана балдар менен чоңдор үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
Ленин районунда
Иш-чаралар Газпром — балдарга спорт комплекси аймагында саат 14:00дө башталат. Бул жерде концерттер, улуттук каада-салттарды көрсөтүү, боз үйлөрдөн турган этно-шаарча, тематикалык көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле «Ашар» паркында саат 15:00дө боз үйлөр тигилип, этно-фуршет, спорттук оюндар жана маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
Биринчи май районунда
Майрам Ак-Босого конушунда өтөт. Бул жерде салттуу боз үйлөр тигилип, элдик оюндар уюштурулат, каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланат. Ошондой эле келген конокторго улуттук тамак-аштар сунушталат.